Энеси вируска чалдыккан кыз Ноокаттан Ч?йг? качып келди

Карантин

Энеси коронавирус менен ооруп жаткан ноокаттык кызды Ч?йг? туугандарыныкына качып келген жеринен таап, карантинге алып кетишти. Бул ж?н?нд? б?г?н саламаттык сактоо министринин орун басары Т?л? Исаков билдирди.

"Аны кечээ т?н? менен укук коргоо органдарынын жардамы менен издеп таптык. Ал бул жакка келип, туугандары менен контакт кылды да. Ошол туугандары менен кошо алып келип, карантинге жаткызып, эми анын тегерегинде эпидемиологиялык изилд?? иштерин ж?рг?з?п жатабыз. Эгерде биз катуу чара к?рб?с?к, ушинтип туугандарына, досторуна качып келе берет, тарап кетиши м?мк?н",- деди министрдин орун басары .

Т?л? Исаков коронавирус чыккан аймактагы адамдар менен катнашты, транспорттук байланышты, жарандардын кирип-чыгышын дагы катуу чект?? зарыл экенин баса белгиледи.

Ошол эле убакта Ош областтык милициясынын басма с?з кызматы ноокаттык кыз качып барбай эле, анализ тапшырып, анысы таза чыккандан кийин, районго ?зг?ч? кырдаал кире электе эле Ч?йг? конокко кеткенин билдирип жатат. К?рс?, ал 2007-жылдан бери Кара-Балтада жашайт экен.

Азыркы учурда аталган келин ?ч баласы менен обсервацияга жаткырылды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны ишембидеги маалымат боюнча он эки адамга жетти. Шаршембиде адегенде Сузак районунда Сауд Аравиясынан ажылык сапардан кайтып келген ?ч адамдан табылды. Андан кийин дагы эле ушундай ажылыкка барып келген Ноокат районундагы ?ч адамдан чыкты. Со?ку алтоонун беш?? Сузакта, бир?? Баткенден. (КС)

Тектеш темалар