Орусия: ?й?н? уча албай калган кыргыз мигранттарына жардам берилди

мигрант

Москвада эки к?нд?н бери уча албай, вокзалда т?н?п жаткан кыргыз жарандары Бишкек жана Ош багытындагы чартердик каттам боюнча б?г?н мекенине учуп кете баштады. Каттамдарды Кыргызстандын ?км?т? "Аэрофлот" авиакомпаниясы менен уюштурууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу, Кыргызстан дагы эл аралык каттамдарды токтотуп, Москва багытында гана ?ч каттамды калтырган. Ошол себепт??, мурда билет алган ж?рг?нч?л?р убагында учуп кете албай, жардам сурап кыргыз ?км?т?н? кайрылышкан.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги Москвада жана башка чо? шаарларды калып калган кыргыз жарандары ?ч?н чартердик каттамдарды уюштуруп баштады.

Москвадан б?г?н 20-мартка билет алгандар учуп кетишти, ал жакта дагы 80 ге чукул адам к?т?п калды.

"Б?г?н кары карта?, бала-чакаларды, аялдарды учурушту. Эми кийинки рейсте бизди ж?н?т?б?з деп жатышат. Чынында ушул маселеге ?з убагында реакция кылганына ырахмат", - дейт ж?рг?нч?л?рд?н бири Болотбек.

Аэровокзалдан учпай калганына кабатырланып ыйлап жаткан кыз-келиндерди да кезиктирдик. Андан ары жакта дагы бир кыздын ыйлап жатканын к?р?п, с?зг? тарттык:

"Менин регистрациям 20 к?н? б?тм?к. 19-мартка билет алгам. Бир к?н калганда учуп кетем деп келсем, учпай калдык. Жанымда иним бар, ал к?з?н?н эки жолу операция болгон. Ошол инимди чогуу алып кетип жаткам. Кечээ учпай калып, т?нд? суукта калдык. Аны алты айга чейин иштегенге болбойт дешкен. Суукта калганга болбойт дешкен. Т?н? менен уктабай, к?з?н? к?ч келип, эми азыр чыдай албай, к?з?м оорутуп атат мен эрте? келем, б?г?н да учпай калдык деп мага сумкаларды таштап кетип калды. Мен б?г?н да ушул жерде т?н?йм. Бул жерде кыйналып кеттик биз", - дейт ?з?н Апал деп тааныштырган кыз.

Аба майданынын администрациясы кыргызстандык жана тажикстандык жарандарды кубалабай, кайра аларга тамак уюштуруп берип, башка жардамын к?рс?т?п жатат.

Ж?рг?нч?л?рг? жардам бер?? ?ч?н ?Араван коому? деп аталган топ 21-мартка караган т?н? жарандарды тамак-аш менен камсыздап, учпай калган ж?рг?нч?л?рд? мейманканага алып кетишти.

Ушул учурда Орусиядан Кыргызстанга кете албай аба майданында калган жарандардын саны Санкт-Петербургда 120, Москвада 70, Новосибирскиде 120 адам деп божомолдонууда.

Тектеш темалар